интернет-банкинг дайыма ачык

Биз Интернет-Банкинг аркылуу акча каржаттарды башкарууга ыңгайлуу жана жөнөкөй чечим сунуштайбыз. Бул сервистин жардамы менен Сиз өз эсебиңизди башкарып жана бул сервис аркылуу Интернет тармагы менен төлөө операцияларын жүргүзө аласыз.

Юридикалык жактарга кирүү Физикалык жактарга кирүү


Интернет-банкинг ыңгайлуулукту жана убакытты үнөмдөөнү камсыздайт, анткени операцияларды жасоо үчүн банкка келип, жолго убакытты коротуу кереги жок. Сиз банктын кызматтарын өзүңүзгө ыңгайлуу убакытта колдонсоңуз болот.

Интернет-банкинг кызматы аркылуу Сиз төмөнкү операцияларды жасай аласыз:

  • Акча каражаттарды өз эсебиңиздин арасында которуу;
  • Аманатты “Сурап алганга чейин” эсебинен толуктоо;
  • Үзгүлтүксүз төлөмдөр;
  • Клиринг системасы аркылуу улуттук валютадагы төлөмдөр;
  • Гросс системасы аркылуу улуттук валютадагы төлөмдөр;
  • SWIFT системасы аркылуу чет өлкөлүк валатадагы төлөмдөр;
  • Валюталарды алмаштыруу;
  • Насыяларды тындыруу;
  • Насыя тууралуу маалыматты көрүү: убакыттагы карыз, төлөмдөрдүн тарыхы, тындыруунун графиги;
  • Эсеп тууралуу маалыматты көрүү: калдык, көчүрмөлөр, операциялардын тарыхы.

Көрсөтүлгөн кызматтардан тышкары, колдонуучуларга убакытты үнөмдөп, аны эркин пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Интернет-банкинг банктык офиске караганда белгилүү убакытта гана иштебейт, күнүнө 24 саат, жумасына 7 күн жеткиликтүү.

Интернет-банкинг кызматы менен юридикалык, физикалык жактар да колдоно алат..

Физикалык жак үчүн кызматтын тарифтери::

  • Туташтыруу - акысыз
  • Абоненттик төлөм - акысыз
Физ. жактарга кирүү

Юридикалык жак үчүн кызматтын тарифтери:

  • Туташтыруу - акысыз
  • Электрондук ачкычты берүү (сертификатты) - 300 сом
  • Абоненттик төлөм - 300 сом
  • Чектелген функцияларды колдонуу (балансты көрүү) - 0 сом
Юр. жактарга кирүү