Global Money Week / Дүйнөлүк Акча Жумалыгынын алкагында өткөн сынактын жыйынтыктары

30 жалган куран 2017

Global Money Week - Kyrgyzstan / Дүйнөлүк Акча Жумалыгы - Кыргызстан долбоорунун алкагында биздин Банк Кыргыз Экономикалык Университетинин студенттери арасында "Банк кызматтарын таанытуу жана популярлаштыруу" темасында  сынак жарыялаган.

Даярдаган долбоорлорду студенттер 2017-жылдын 29-мартында финал күнү тартуулашты.

Белгилей кетчү нерсе, бардык студенттер долбоорлорун абдан кылдаттык жана жоопкерчиликтүү даярдашып, алдыга коюлган максатка  жетүү үчүн бардык күч-билимин колдонушту.

Финалдын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталып баалуу белектер менен сыйланышты:
• 1 орун - 15 000 сомго аманат ачууга укук берүүчү сертификат.
• 2 орун - 9 000 сомго аманат ачууга укук берүүчү сертификат.
• 3 орун - 3 000 сомго аманат ачууга укук берүүчү сертификат.

Бул сертификат аркылуу жеңүүчүлөргө "Накопительный" аманаты менен банктык карталар ачылат. Бул сарамжалдуулукка биринчи кадам!

Активдүү катышкан студенттер болсо Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАНда стаж өтүүга мүмкүнчүлүк алышат.

Таланттуу жаштардын көп болгондугуна биз абдан кубанычтабыз!


"Окугула. Сарамжалдуу болгула. Акча тапкыла"

Жанылыктар