Банк кепилдиги

Банк Кепилдиги (мындан ары — Кепилдик) – Банктын жазуу жүзүндөгү бир тараптуу милдеттенмеси. Милдеттенме Кепилдик анын пайдасына чыгарылган адамга карата кабыл алынат (Бенефициар). Бул болсо Банкка Кепилдикти чыгаруу тууралуу арыз менен кайрылган адамдын тапшырмасы боюнча ишке ашат (Принципал). Принципал Бенефициар алдындагы өз милдеттенмелерин аткарууну камсыздоо же үчүнчү жактын милдеттенмелерин аткарууну камсыздоо үчүн Банкка Кепилдик сурап кайрылат. 


Кепилдиктердин түрлөрү:

  • төлөм кепилдиги
  • алдын ала төлөм кепилдиги
  • контркепилдик
  • тындыруу кепилдиги
  • револьвердик кепилдик
  • милдеттенмелерди аткаруу кепилдиги
  • тендердик кепилдик

Банк кепилдигин алуу үчүн зарыл болгон документтер: 

  • Банк кепилдигин талап кылган жактан кат (Принципал)
  • Өтүнүч
  • Банк кепилдигин алууга өтүнмө
  • Типтүү анкета
  • Устав (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн-1) жана 1 көчүрмөсү
  • Уюмдаштыруу келишими (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн-1) жана 1 көчүрмөсү
  • Кол тамгалардын үлгүлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн)
  • Отчеттук күнгө карай баланс, ушул жылдын 1-январына жана өткөн жылдын 1-январына карата, тиркемелери менен
  • Баланс боюнча дебитордук жана насыя карыздарын чечмелөө
  • Стат. органда катталганы тууралуу күбөлүк (көчүрмө)
  • Юстиция министрлигинде катталганы тууралуу күбөлүк (көчүрмө)
  • Салык инспекциясынан карыздары тууралуу маалым кат
  • Социалдык фонддон карыздар тууралуу маалым кат
  • Өз иши тууралуу маалымат
  • “Кыргызстан Коммерциялык банкы” ПЖТда алыш-бериш (валюталык же сомдук) эсебинин болушу.
  • Уюмдаштыруучулардын чогулушунан протокол (күрөөнү жана сумманы көрсөтүү менен Банк кепилдигин алууга)
  • Директорлор кеңешинин жана Башкаруунун чечими
  • Менчик укугу тууралуу күбөлүк
  • Менчиктештирүү учуруна карай негизги каражаттарды инвентаризациялоо актысы
  • Акционерлердин реестринен көчүрмө бөлүк
  • УИОНден (БТИ) күрөө үчүн маалым кат

 

* Урматтуу кардарлар, эгер Сиз насыя берилип жатканда же арыз даярдап жатканда Банктын кызматкерлери тарабынан негизсиз талаптарына же иш-аракеттерине жолуксаңыз, ошол замат  Банктын Контакт-борборуна  0 312 61-33-33 телефону же  +996 770 33-33-69 WhatsAp аркылуу кабар берсеңиз болот.

Кайрылуулар Банктын жетекчилиги тарабынан текшерилип каралып чыгат.